ДИАЛЕКТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАЛЕ́КТ (гр. dialektos – сүйлөө, сүйлөшүү) – жалпы элдик тилдин бир бөлүгү, белгилүү бир аймакка тараган тилдик бөтөнчөлүктөр; тил­дин кээ бир граммат., фонет. ж-а лексикалык өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланган түрү. Кыргыз тилинде «түндүк» ж-а «түштүк» деп шарттуу аталган эки Д. бар. Түн. Д-ге: Чүй, Талас, Ысык- Көл, Нарын обл-нда, ал эми Түш. Д-иге: Ош, Жалал-Aбад, Баткен обл-нда, ж-а Өзбекстан м-н Тажикстанда жашаган кыргыздардын тили кирет, мис., чака (түн.) – челек (түш.), чөбөгө (түн.) – тыбыт (түш.). Көркөм чыгармада каар­мандардын образын ачып берүү үчүн колдону­лат. Адабий тилдин ж-а ММКлардын өнүгүшү м-н Д-илик айырмачылык бара-бара жоюлушу мүмкүн.