ДИАЛЕКТОЛОГИЯ
ДИАЛЕКТОЛО́ГИЯ (диалект ж-а ...логия) – тил илиминин диалектилерди изилдеп үйрөтүүчү ж-а иретке салуучу бөлүгү. Д. илими диалектография (мүнөздөөчү) ж-а тарыхый Д. деп бөлүнөт. Д. жолу м-н диалектилерди үйрөнүү учурдагы диалектилердин түзүлүш-аймактык жиктелиши, кайсы бир тилдин диалектилеринин фонет. системасы, граммат. түзүлүшү, сөздүк курамы ж-дө ырааттуу маалымат берет. Жерг. говор (айтым), диалектинин өзгөчөлүктөрү, аймактык таралыш чеги, изоглассасы лингвистикалык география аркылуу аныкталат, коӊшу тилдер м-н болгон мамилеси белгиленет. Диалектилерди мындай синхрондук үйрөнүү, аймактык таралышты салыштырып талдоо аны тарыхый-диахрондук жактан үйрөнүүгө жол ачат. Тарыхый Д. азыркы диалект, говорлордун түзүлүшүн, тарыхый өнүгүшүн жазма эстеликтердин тили ж-а тарых, этнография, археологиянын маалыматтары м-н айкалыштыра салыштырып изилдейт. Тилдин диалектилерге бөлүнүшү байыркы замандан бери эле белгилүү. Тилдеги диалектилик өзгөчөлүктөр 19-к-дан Батыш Европада, Россияда элдик мад-т, этнография, фольклор м-н байланышта изилденет. Д-нын кийинки өнүгүшү тил илиминдеги младограмматика агымы м-н тыгыз байланыштуу, к. Кыргыз диалектологиясы.