ДИАЛЕКТОЛОГИЯЛЫК СӨЗДҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАЛЕКТОЛОГИЯЛЫК СӨЗДҮК – диалекти­деги сөздөрдүн түшүндүрмө сөздүгү. Кырг-нда мындай сөздүк алгач Ж. Мукамбаев тарабынан түзүлгөн. Көп жылдык диалектол. изилдөөлөр­дүн негизинде 1972-ж. «Кыргыз тилинин диа­лектологиялык сөздүгүнүн» 1-тому басылып чыккан, ал кайра оӊдолуп, толукталып 2-жолу 1976-ж. басылган. Бул эмгек 4 томдон турат (калган томдору китеп болуп чыга элек). Д. с-тө диалектилик бай материал жыйналып, ар бир сөзгө маанисине карата толук түшүндүрмө бе­рилген. Сөздүктө кыргыз тилинин лексикасы ди­алектилик сөздөрдүн эсебинен толукталып жат­кандыктан, андагы айрым диалектилерди, өз­гөчө жерг. элдин турмуштук, чарбачылык, мада­ний, этногр. маанидеги сөздөрүн адабий тилде да кеӊири колдонуу м-н, анын лексикалык ку­рамын андан ары байытууда, о. эле этимол. ж-а лингв. изилдөөлөрдү жүргүзүүдө баалуу эмгек бо­луп саналат. К. Акынбаев.