ДИАМАГНЕТИК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАМАГНЕ́ТИК – сырткы магнит талаасында ага карама-каршы багытта магниттелген, б. а. диамагнетизмге ээ болгон зат. Сырткы маг­нит талаасы болбосо Д. магниттелбейт. Д-тин магниттик кабылдоочулугу дайыма терс ж-а сан мааниси б-ча өтө кичине болот (~10–6 – 10–5). Д-ке инерттүү газдар, газ түрүндөгү азот, суутек, жарым өткөргүч кристаллдар – Si, Ge, металл­дар – Cu, Bi, Au, Ag ж. б. көптөгөн элементтер, о. эле орг. ж-а орг. эмес бирикмелер кирет. Д-ти илимге М. Фарадей киргизген (1845).