ДИАРЕЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата vol_3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИАРЕ́Я (гр. diarrhtō – агам), и ч ө т к ө к – тез-тез суюк заӊдоо. Д. өз алдынча оору болбос-

тон, көптөгөн патол. процесстердин белгиси катары пайда болуп, ага дизентерия, тамак­аштан уулануу, ич келте, холера, ичегинин өнөкөт сезгенүү оорулары (энтероколит, колит ж. б.), о. эле карын м-н уйку безинин маӊызы жетишсиз болгондогу тамак сиӊирүүнүн бузулу­шу, ичегилердин начар иштеши себеп болот. Айрым кишиде катуу кайгырганда, корккондо, кээ бир тамак-ашты (сүт, жумуртка, жашылча­жемиш) сиӊире албаганда да болушу мүмкүн. Д. лабор., бактериол., рентгендик ж-а эндоско­пиялык изилдөөлөр м-н аныкталат. Оорулуу айланасындагыларга жуктуруу коркунучунда гана ооруканага жаткырылат. Өз алдынча да­рыланып, антибиотиктерди колдонуу оорунун белгилерин чаташтырып, туура диагноз коюуга тоскоол болот ж-а дарттын кабылдап кетиши­не алып келет. Алдын алууда тамактануу тар­тибин, жеке гигиенаны туура сактоо (идиш-аяк­ты, тишти таза кармоо), ичеги-карын оорусун алдын алуу ж-а дарылоо зарыл.