ДИАСПОРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:37, 18 Март (Жалган куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИ́АСПО́РА (гр. diasporf – таратуу, чачыранды болуу) – өз тарыхый мекенинен сырткары, баш­ка өлкөлөрдө жашаган этностук топ. Д. зордоп көчүрүү, геноцид коркунучу, о. эле экон. ж-а со­циалдык себептердин натыйжасында пайда бол­гон. «Д.» термини алгач б. з. ч. 6-к-дын башын­да Палестинадан куулуп, сыртта жашаган еврей­лерге, кийин башка этностук ж-а диний топтор­го карата колдонула баштаган. Д. өкүлдөрү жа­шап жаткан аймагында улуттук-маданий бор­борлорду түзүп, рухий мад-тын сактоо ж-а өнүк­түрүү, улуттук салттарды, үрп-адаттарды жа­йылтуу, ата журту м-н маданий байланышта болуу, маданий-агартуу иштерин жүргүзөт. Кырг-нда да жашаган улуттардын Д-лары бар. Ал эми Россия, Казакстан, Түркия, Кытай, Ба­тыш Европа, Америка ж. б. өлкөлөрдө кыргыз Д-лары катталган. О. Каратаев, С. Эралиев.