ДАЛ КЕЛҮҮ ПРИНЦИБИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 19 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАЛ КЕЛҮҮ ПРИНЦИБИ – механиканын квант­тык сандын чоӊ маанисине тийиштүү чектик (предел) учурунда кванттык теориянын натый­жасы классикалык теорияныкы м-н дал келүү­сүн талап кылган постулаты. Бор суутек ато­мунун түзүлүшүнүн кванттык теориясын иштеп чыгып, аны атомдун спектрин түшүндүрүү үчүн колдонууну сунуш кылган (1927). Дал келүү принцибине ыла­йык атомдун нурлануу энергиясынын, спектр­дин жогорку толкундук бөлүгүндө спектр боюнча бөлүштүрүлүшү, кванттык сандын чоӊ маани­лерине туура келет ж-а классикалык электр­динамикадагы Рэлей-Жинстин законундагы энергиянын бөлүштүрүлүшүндөй болот. Кийин Дал келүү принциби кенен мааниге ээ болуп, ал физикалык кубу­лушту тереӊ изилдөөдөгү жаӊы теория, эски теорияны өзүнө айрым учур катары камтышы керектигин көрсөткөн логикалык талап (эреже) катары каралат. Мисалы, релятивдик механика кичине ылдамдыктар чегинде (ν<<c) Ньютон­дун механикасына, бөлүкчөнүн де Бройль тол­кунунун узундугу системанын өлчөмүнөн кичи­не болсо, анда кванттык механика классика­лык механикага өтөт. Бул чектик өтүш Планк турактуулугунун нөлгө умтулушуна туура ке­лет, себеби де Бройль толкун узундугу: λ=h/p, мында p – бөлүкчөнүн импульсу. Классикалык механиканын h/p→0 шартында, квант механи­касынын негизги Шрёдингер теӊдемеси класси­калык механиканын Гамильтон-Якоби теӊде­месине өтөт.

Ад.: Бор Н. Три статьи о спектрах и строении ато­мов / Пер. с нем. М.; Л., 1923.