ДАЛАЙ-ЛАМА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:33, 19 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДАЛА́Й-ЛА́МА (тибет. – дин окутуучусу) – Ти­беттеги лама чиркөөсүнүн жогорку дин башчы­сынын наамы. Алгач 1578-жылы тибеттик буддизм­деги Гло (гэлуг-ба) агымынын башчысы Сонам Гьяцого моӊгол башкаруучусу Алтан хан тара­бынан ыйгарылган. Гло агымын Зуӊхаба (Цзон­каба, 1357–1419) негиздеген. Анын мураскору Юантан-Хамцо (1589–1616) бүткүл Тибетке Гло агымын жайылтып, диний гана эмес, башкаруу­чулук бийликке да ээ болгон. Ламаизмде Далай-лама өлбөйт, анын жаны өзү өлгөндө жаӊы төрөлгөн балага «көчөт» деген ишеним бар. Мураскор Далай-лама өлгөн учурга тушма-туш төрөлгөн тибет­тик балдардан атайын салт боюнча тандалат. 1951- жылдары Тибет Кытай тарабынан оккупация­ланып, анын курамындагы автономиялуу ра­йонго айланган. 1959-жылы кытайлардын саясаты­на каршы Тибет эли көтөрүлүш чыгарып, Далай-лама XIV жеӊилген көтөрүлүшчүлөрдүн бир тобу м-н Индияга кеткен. (Далай-лама I – Гендун-Друб (1391–1474), II – Генден Гьяцо (1475–1542), III – Сонам Гьяцо (1543–88), IV – Йонтен Гьяцо (1589–1617), V – Нгаванг Лобзанг Гьяцо (1617– 82), VI – Цаньян Гьяцо (1683–1706), XIII Далай-лама – Тубтен Гьяцо (1876–1933), Далай-лама XIV – Тензин Гьяцо (1938-жылдан).