БОЧКАРЁВА Аграфина Терентьевна

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:21, 20 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЧКАРЁВА Аграфена Терентьевна /1902, Аламүдүн району, Лебединовка айылы – 1974, Фрунзе (азыркы Бишкек)/– кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1949). Эмгек жолун 1930-жылы Ворошилов районундагы «Гигант» колхозунда (азыркы Аламүдүн району, Куйбышев атындагы совхоз) колхозчу, звено башчысы болуп иштөөдөн баштаган. Анын звеносу 1947-жылы 7,65 га аянттагы кант кызылчасынын ар гектарынан 692 цден, 1948-ж. 3,5 га аянттагы кант кызылчасынын ар гектарынан 857 цден түшүм жыйнаган. Эки Ленин ордени менен сыйланган.