ДЕМИУРГ
ДЕМИУ́РГ (грекче demiurgos – уста, кол өнөрчү, жаратман) – 1) Байыркы Грекиядагы кол өнөрчүлөр, эркин кесиптеги адамдар; 2) Платондун философиясында түзүүчү, алгачкы башталма. Демиург дүйнөнү «жок нерседен» жараткан деген христиандык Кудайдан айырмаланып, реалдуу дүйнөнү алгачкы хаостон же зат башаттан жараткан делет; теологияда Демиург – Кудай, дүйнөнү жаратуучу деп кабылданган.