БОР ПОСТУЛАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:45, 24 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОР ПОСТУЛАТЫ – атомдун туруктуулугун жана спектрдик закон ченемдүүлүгүн түшүндүрүүчү негизги далилдөө. Бул постулатты Н. Бор 1913-жылы киргизген. Классикалык физика түшүндүрө албаган атом касиетин түшүндүрүү үчүн эки постулатты квант теориясынын негизи катары алган: 1. Атомдун стационардык абалда болушу. Энергиясы дискреттик Е1 Е2– Е3… катар сан маанилерине дал келген стационардык абалда атом туруктуу жана нур чыгарбайт. 2. Атом нурлануусунун жыштык шарты. Атом Еi энергиялуу стационардык абалдан Ек энергиялуу башка стационардык абалга өткөндө hn=Еi – Ек белгилүү жыштыктагы жарыкты – hn чоӊдуктагы кванттык нурланууну (фотонду) жутат же чыгарат. Атом квант энергиясын бөлүп чыгарганда көп энергиялуу Еi абалдан аз энергиялуу Ек абалга өтөт, ал эми квант энергиясын жутканда, тескерисинче болот. Атом физикасынын өсүшү Бор постулаты жалаӊ эле атом эмес башка микроскопиялык системалар – молекула, атом ядролору үчүн да туура экенин көрсөттү.