БОРБАШТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 24 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОРБАШТАР (Laniidae) – куштардын сайроочу таранчы сымалдар түркүмүнүн тукуму. Башы чоӊ, тумшугунун үстүӊкү учу алгыр куштардыкындай төмөн ийилип, быдырлуу, куйрук чалгындары узун. Уясын көбүнчө бадалдарга жана даракка салып, 4–6 чаар жумуртка тууйт. Борбаштардын туруктуу жашоочу жана келгин түрлөрү бар. Жер шарында 72 түрү таралган. Жашаган жерлерине карай алардын түсү ар кандай: тропиктеги борбаштар кызыл, жашыл, сары; мелүүн алкакта кара, күрөӊ. КМШ өлкөлөрүндө 9, Кыргызстанда 4 түрү жашайт. Борбаштар токой жана айыл чарба зыянкечтерин кырып, пайда келтирет.