ДЕПКИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:09, 24 Март (Жалган куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕПКИР , ч ө ө л ү – ашкана буюму. Боорсок бышырууда, сорпонун чий көбүгүн алууда, чөбөгө сызгырууда, шак, курут, шакар кайнатууда, аларды аралаштырууда жана сүзүүдө пайдаланы­лат. Ал темирден жасалып, башы тегерек (диа­метри 15–20 см) келип, бети калбырланат да, узундугу 40–45 см жумуру же жалпак темир сабы болот. Сабынын кармалчу учуна жыгач же мүйүз бекитилип, илип коюш үчүн чагаракталат. Депкир айрым жерде кепкир деп да аталат.