ДЕТАЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:51, 24 Март (Жалган куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕТА́ЛЬ (французча deital – майда-чүйдөсүнө чейин) – көркөм чыгармага идеялык-эмоциялык маани берип турган майда бөлүкчөлөр. Алар авторго ал сүрөттөп жаткан окуяны, көрүнүштү, каар­манды кайталангыс жеке өзгөчөлүктө ачып берүүгө көмөктөшөт. Деталь сырткы көрүнүш, бел­ги, кийим, шарт-жагдай, жүрүш-туруш, кыял­-жорук болушу мүмкүн, ошондой эле каармандардын, автордун речинде берилет. Мисалы, Ч. Айтматовдун «Ак кеме» повестинде бир эле Деталда Баланын атасы ак кемеде экени айтылып өтөт же «Биринчи мугалимде» кош теректи сүрөттөгөн чакан Деталь бар. Деталь жазуучунун чеберчилигине, стилине жараша түрдүүчө жаралат.