ДЕШИФРАТОР
ДЕШИФРА́ТОР (французча dechiffrer – чечмелөө, чечүү) – шарттуу белги (код, шифр) менен берилген билдирүүлөрдү чечмелеп, андагы кабарды кабыл алуучу системанын тилине которуп берүүчү электрондук түзүлүш. Дешифратор телемеханикада, эсептөө техникасында (коддорду чечмелөөчү, көрсөтүлгөн чоӊдуктарды өзгөртүүчү түзүлүштөрдө), радио жана өлчөөчү техникаларда (детекторлордо, демодуляторлордо), телефон жана телеграф байланыштарында колдонулат.