ДАНИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 24 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДА́НИЯ (Danmark), Д а н и я К о р о л д у г у (Kongeriget Danmark) – Түндүк Европадагы мам­лекет. Ютландия жарым аралында, Дан архипелагында (ири аралдары: Зеландия, Фюн, Лолланн, Фаль­стер, Лангеланн, Мён), ошондой эле Борнхольм аралында, Түндүк Фриз аралынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан

(анда бардыгы 407 арал бар, анын 99унда эл жашайт). Даниянын курамына Фарер аралдары ж-а Гренландия да кирет. Батышынан Түндүк деӊиз, түштүк-чыгышынан Балтика деӊизи м-н чул­ганат, түндүгүнөн Скагеррак кысыгы аркылуу Норвегиядан, түндүк-чыгышынан Каттегат ж-а Эресунн (Зунд) кысыктары аркылуу Швециядан бөлүнөт; түштүгүндө Германия м-н (68 км ара­лыкта) чектешет. Аянты 43,1 миӊ км2 (Грелан­дия м-н Фарер аралдарын кошпогондо). Калкы 5,4 млн (2007). Борбору – Копенгаген. Расмий тили – дан тили. Акча бирдиги – дания кронасы. Дания административдик-аймактык жактан 5 регионго бөлүнөт.

Европа коопсуздугу ж-а кызматташтыгы уюму­нун (1973), НАТОнун мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү.

Д.– унитардык мам­лекет. Конституциясы 1953-ж. 5-июнда кабыл алынган. Башкаруу формасы – парламенттик монархия. Мамлекет башчысы – король (1972- жылдан королева Маргрете II). Мыйзам чыга­руу бийлиги король ж-а бир палаталуу парла­мент – фолькетинг (курамында 179 депутат, 4 жылда бир шайланат) тарабынан ишке ашы­рылат. Аткаруу бийлиги королдун атынан иш жүргүзгөн, курамына Премьер-министр жетек­теген Министрлер совети кирген Мамл. советке таандык. Негизги саясий партиялары: Д. Со­циал-демокр. партиясы, Консервативдик элдик партия, Д. Элдик партиясы, Социалисттик эл­дик партиясы.

Табияты.

Жээктеринде жазы тайыз булуӊдар, фьорддор, бийик жардуу клифтер; о. эле түзөӊ, аккумуляция, ватт (марш) жээктери да мүнөз­дүү. Түздүктүү рельеф басымдуу. Ютландия ж. а-нын чыгышында, Дан архипелагынын аралдарында көлдүү, жапыз дөбө-мореналуу түз­дүктөр басымдуу. Эӊ бийик жери 173 м, Идинг- Сковхой чокусу. Климаты мелүүн деӊиздик, кышы жумшак (январдын орт. темп-расы 0– 0,5°С), жайы салкын (июлдуку 15–16°С). Аба ырайы туруксуз, шамалдуу, көбүнчө туман ж-а булут басып турат. Жылдык жаан-чачыны өлкө­нүн батышында 700–800 мм, чыгышында 500– 600 мм. Гидрогр. тармагы өтө жыш; жамгыр сууларынан куралган чакан дарыялар басым­дуу; суу агымы жасалма жол м-н жөнгө салы­нат, дарыя нуктары каналдар м-н түздөлгөн. Негизги дарыялары: Гудено, Вардр-О (Ютлан­дияда), Сосо (Зеландия а-нда), Оденсе-О (Фюн а-нда). Чакан ж-а агып чыкма көлдөрү көп, алар негизинен мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон, жээктеринде о. эле лагуна көлдөрү бар. Күрсүз, кумдуу күл, айдалган куба күрөӊ, түзөӊ жээктерге күрдүү марш топурактары мүнөз-
Ютландиянын түш.-батыш жээги.

Д. БУУнун (1945), Европалык кеӊештин (1949), Европа союзунун (1973), ЭВФтин (1946), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1946), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995),

Лим-фьорд жээгиндеги викингдердин тургун жай­ларынын калдыктары.

дүү. Табигый жазы жалбырактуу (бук, эмендүү) токой ургаалдуу чарбалык иштерден дээрлик жок болуп кеткен. Азыркы ландшафтына а. ч. жерлеринин токойсуз чакан аянттардын (ве­ресктер, шалбаа-саздуу жерлер) ж-а отургу­зулган токой (кызыл карагай, эмен ж. б.) мас­сивдеринин айкалышы мүнөздүү. Токой өлкөнүн 11,8% аянтын ээлейт (жыл сайын 3 миӊ га то­кой отуругузулат). Д-да жалпы аянты 933 миӊ га болгон коргоого алынган 183 табигый аймак (анын 72си деӊиз резерваты) бар.

Калкынын

90%тен ашыгын дандар, 0,9%ин фарерликтер, 0,1%ин эскимос-гренландия­лыктар түзөт. 8,5%ке жакыны иммигранттар ж-а алардын тукумдары (50%тен ашыгы Ев­ропа өлкөлөрүнөн тарагандар). Төрөлүүсү 1000 адамга 11,9 гана бала (1 аялга 1,8 бала) туура

келген; өлүм-житим 1000 адамга 10,1 адам. Д-нын демогр. проблемасы – калктын карта­юусу: калкынын орт. курагы 39,7 жаш (2006); кары курактагылар (65 жаштан өткөндөр) 15,2%, 15 жашка чейинке балдар 18,7%, эмгек жашындагылар (15–65 жаштагылар) 66,1%ти түзөт. Өмүрүнүн орт. узактыгы 77,8 жаш (эр­кектердики 75,5; аялдардыкы 80,2). Орто эсеп м-н 100 аялга 98 эркек туура келет. Д. Түн. Ев­ропадагы калкы эӊ жыш отурукташкан өлкө; орт. жыштыгы (126,2 адам/км2) батыштан чы­гышты карай өсөт; Зеландия (240) ж-а Фюн

Копенгаген гаваны.

(137 адам/км2) а-нда калк өтө жыш отурук­ташкан. Шаар калкы 85,4% (2006). Ири шаар­лары: Копенгаген [Чоӊ Копенгагендин чегин­де 1094 миӊ (2007), Д-нын калкынын 20%тен ашыгы], Орхус (230,1 миӊ), Оденсе (146,6 миӊ), Ольборг (123,4 миӊ). Экономикасында алек­тенген 2710 миӊ калктын 75%и тейлөө чөйрө­сүндө, 15,7%и ө. ж-да, 6,3%и курулушта, 3%и а. ч-нда иштейт (2005). Динге ишенгендеринин 84–87%и лютерандар.

Тарыхы.

Д-да адам баласы палеолит доорун­да жашай баштап, балыкчылык, аӊчылык м-н күн көрүшкөн. Неолит доорунда жер айдап, мал багышкан. Коло доорунда соода кыйла өнүгүп, уруулук түзүлүш бузула баштаган. Д. жеринде жашаган герман урууларында (юттар, англдар ж. б.) отрукташып, дыйканчылык кылуу, акы­рындап темир иштетүү өнүккөн. 5-к-дын орто­сунан англдар м-н юттар Британияга көчө баш­тап, Д-нын аймагына 6-к-да дан уруулары (өл­көнүн аталышы ушундан келип чыккан) көчүп келишкен. 10-к-да бирдиктүү Дания королдугу түзүлүп, ага Ютландия ж. а., Дания архипела­гындагы аралдар, Скандинавия ж. а-нын түш. бөлүгү кирген. Вальдемар I (1157–82), Кнуд VI (1182–1202) ж-а Вальдемар II (1202–41) корол­дук кылган мезгилдерде Д. королдугу бир кый­ла чыӊдалып, кийин Скандинавия мамлекет­теринин ичинен экономикасы кыйла өнүгүп, сая­сий жактан күчтүү өлкөгө айланган. 1380-ж. Дания-Норвегия униясы, 1397-ж. Маргарита башкарган кезде Дания, Швеция ж-а Норвегия (Исландия м-н бирдикте) униясы түзүлүп, Скан­динавия өлкөлөрү Д-нын бийлигине өткөн. 1536-ж. Д-да лютеран дини мамл. дин катары жарыяланган. 16–17-к-да Балтика деӊизинде

үстөмдүгүн сактоо ж-а Швецияны унияда кар­мап туруу максатында Д. Швеция м-н болгон көп согуштардан кийин жеӊилип, Сконе, Чы­гыш Норвегиядан ажыраган, Балтика деӊи­зинде Швециянын үстөмдүгү орногон. 1660-ж. Д. мурасчылар монархиясы деп жарыяланып, Фредерик IIIнүн (1648–70-ж. башкарган) 1665- жылдагы мыйзамы б-ча Д-нын абс. монархия­га айлангандыгы юрид. жактан бекитилген.
Өлкөнү борборлоштуруу б-ча бир катар чаралар көрүлгөн. Наполеон согуштарына Франция та­рапта аргасыздан катышкан Д. жеӊилип, кый­ла жеринен ажыраган, экономикасы бир топ бүлүнгөн. 1848-ж. мартта рев-ячыл кыймыл­дын жогорулашынан улам улуттук либералдар бийликке келген. Июнь конституциясына (1849) ылайык Д. эки палаталуу парламенти бар чек­телген монархияга айланган. Дания-Пруссия (1848–50) ж-а Австрия-Дания-Пруссия согуш­тарынан (1864) кийин Д. Шлезвиг, Гольштейн ж-а Лауэнбургдан ажырап, улуттук бир тектүү мамлекетке айланган. 19-к-дын ортосу – 20-к­дын башында Д-да болгон саясий ж-а социал­дык өзгөрүштөр 1915-жылдагы бурж.-демокр. конституцияда көрсөтүлгөн. Д. биринчи дүйн.- согуштан кийин агр.-индустриялуу мамле­кеттердин катарына кошулду. 1940-ж. апрелде Д-ны Германия басып алып, өзүнүн азык-түлүк базасына айландырды. 1942-жылдан Д-да Кар­шылык көрсөтүү кыймылы кулач жайып, 1943-ж. сентябрда анын жетекчи органы – Эр­киндик совети түзүлгөн. 1944-ж. Исландиянын эгемендүүлүгү жарыяланган. 1945-ж. 5-майда Д. немис баскынчыларынан бошотулган. Согуш­тан кийин өлкөнүн экономикасын калыбына келтирүүдө 1948–53-ж. Маршалл планы б-ча АКШ тарабынан берилген 350 млн долл. жар­дамдын ролу чоӊ болгон. Экинчи дүйнөлүк со­гуштан кийин Д. 1949-ж. Түн. Атлантикалык пактыга (НАТО) кошулган. 1953-ж. кабыл алынган өлкөнүн жаӊы конституциясы б-ча, фолькетинг (парламент) түзүлгөн. 1958–73-ж.

Д. экон. зор ийгиликтерге жетишти («алтын жыл­дар»). 1981-ж. Гренланди­яга кеӊири өзүн-өзү башка­руу укугу берилген. 1990– 91-ж. Д-нын аскерлери Перс булуӊундагы согушка, кийин Балкан ж. а-нда­гы жаӊжалдарды басууга катышты. 1998-ж. парла­менттик шайлоонун жы­йынтыгында Нюруп-Рас­муссен жетектеген социал­демократтар м-н радикал­дардан турган коалиция­лык өкмөт бийликке кел­ген.

Чарбасы.

Д. экономика­сы туруктуу өнүккөн ин­дустриялуу-агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 188,1 млрд доллар; аны киши башы­на бөлүштүргөндө (24 600 доллар) дүйнөдө 7-, Европа биримдигине (ЕБ) кирген

өлкөлөрдүн ичинде 3-орун­ду ээлейт. ИДПнин 74,7%и тейлөө чөйрөсүнө, 22,4%и ө. ж-га ж-а курулушка, 2,9%и айыл, токой ж-а ба­лык чарбаларына туура ке­лет. Д. эл аралык экон. ала­кага активдүү катышат; ички рыногу чектелүү. Ө. ж-нда илим сурамдуу ата­йын өндүрүштөрү (энергети­калык, фармацевтик, био­ж-а маалымат техногиясы ж. б.) бар. Жогорку натый­жалуу а. ч. – өлкөнүн экон. секторунун ж-а экс­портук негизги булактарынын бири. Д. – деӊиз соода флотунун тоннажы б-ча дүйнөдө 12-орун­ду ээлеген балык уулоочу ири ө лкө.

Д-га социалдык камсыздоонун Европадагы эӊ алдыӊкы системасы мүнөздүү: социалдык чыгымдар ИДПнин 31,3%ин түзөт (жылына киши башына 8223 евро туура келет; 2003). Инновациялык багыт экологияга шайкеш өнү гөт.

Д-да чакан ж-а орто ишканалар басымдуу. Өн­дүрүшүнүн кыйла бөлүгү (58%) экспорт үчүн про­дукция чыгарууга багытталып, негизинен хим. (85% ке чейин; формацевтиканы кошкондо), машина куруу (75%тей), эмерек (63%тей), та­мак-аш (55%тен ашыгы) ж-а жеӊил (55 %тен ашыгы) ө. ж. продукцияларын чыга рат.

Түндүк деӊизден нефть (2005-ж. 21,9 млн т ; чалгындалган запасы 268 млн т), табигый газ

Айыл чарба ландшафты.

(9,2 млрд м3; запасы 132 млрд м3) казылып алы­нат. Энергия ресурстарын казып алуу ички ке­ректөөдөн ашып кетет. Экспортко 14,9 млн м3 нефть (негизинен Швеция, Нидерланд, Финлян­дияга, о. эле Франция, Германияга), 5,2 млрд м3 газ чыгарат. Көмүрдү негизинен ТАР, Колум­бия, Россиядан (жылына 9 млн т) а лат.

Электр станцияларынын аныкталган кубат­туулугу 10 миӊ МВт чамасында (2004). 38,4 млрд кВт⋅ с электр энергиясын өндүрүп, 31,7 млрд кВт⋅ с пайдаланат. Өндүрүштүн 83%и ЖЭСке, 17% башка булактарга таандык. Д. ша­мал энергиясын пайдалануу б-ча дүйнөдө ал­дыӊкы орундардын бирин ээлейт. Түндүк деӊиз­деги «Horns Rev» (жээктен 14–20 км) дүйнөдөгү эӊ ири шамал паркы бар, анын кубаттуулугу 160 мВт. О. эле биоотундан, а. ч. калдыктары­нан, деӊиз толкунунан, күн нурунан энергия алат.

Металлургия (металл иштетүү кошо) импорт­тук сырьёнун негизинде иштейт. Машина ку­руу (электрондук буюмдар ж-а транспорт ка­ражаттары кошо) ө. ж. продукциясынын 25%ин түзөт. Алар: деӊиз кемелерин куруу, энергетика ж-а муздаткыч жабдуулары, электр.-тех. про­дукциялары, тамак-аш ө. ж. үчүн жабдуулар, мед. приборлор ж-а аспаптар, телекоммуника­ция комплексинин тармактары. Сырткы заказ м-н түрдүү типтеги ж-а тоннаждагы кемелер ку-

Тү нд үк де ӊиз де ги «Horns rev» шамал паркы.

рулат. Кеме куруунун ж-а ремонттоонун борбор­лору – Копенгаген, Ольборг шаарлары.

Электр жабдууларын ж-а технологиясын, на­сос (жылына 10 млн), суу тазалоочу ж-а жы­лытуучу жабдууларды, кондиционер муздаткыч, шамал энергиясын өндүрүү үчүн жабдууларды ж-а технологияларды, мед. приборлорду ж-а материалдарды, угуучу аппараттарды, диагнос­тика жабдууларын чыгарат.

Тамак-аш ө. ж., айрыкча сүттү кайра иштетүү, о. эле сыр, пиво, шире, балдар тамактарын ж. б. продукцияларды чыгаруу үчүн жабдууларды (80%тен ашыгы экспорттолот) ж-а айыл чарба­сы (электр сүт саагычын), эт ж-а балык иштетүү, лак, цемент даярдоо үчүн жабдууларды чыга­руу салтка айланган.

Электроникада зымсыз телекоммуникация, аудио­ж-а көрмөтехника, акустика системасы, телефондор, аскер техникасынын жогорку тех­нол. компоненттерин – радар системасын, ас­кер самолёттору м-н вертолётторунун радиоэлек­трондук коргонуу системаларын, космостук жабдууларды, аскер техникасы ж-а космостук ракеталар үчүн электрондук компоненттерди даярдоонун мааниси зор.

Хи мия ө. ж. күк үрт к-тас ын (дүй нөл үк өндүрүштүн 25% тейи), пластмасса, өсүмдүк кор­гоочу каражаттарды, лак, сыр, дары-дармек (ин­сулин, антибиотик, витамин) ж. б. даярдайт. Жыгач иштетүү, эмерек, текстиль, тигүү, бул­гаары ө. ж-лары бар. Д. модалуу кийим чыга­руу б-ча Скандинавия өлкөлөрүнүн ичинен ал­дыӊкы орунда. Тамак-аш ө. ж. өнүккөн: азык­түлүк өндүрүү б-ча Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн ичинен 5–6-, киши башына бөлүш­түргөндө 1-орунда. Д. чочко этин (дүйнөлүк экс­порттун 17%), сүт, бекон, ветчина, сыр, жууган май ж. б. продуцияларын экспорттоо б-ча ал­дыӊкы орундардын бирин ээлейт. Д. пивосу м-н да белгилүү (80ден ашык ишканасы б ар).

Ургаалдуу өнүккөн ж-а жогорку продукттуу­луктагы а. ч. – өлкөнүн экономикасынын не­гизги секторлорунун бири. Агр. (негизинен мал чарбасы) өндүрүшүнүн продукциясынын көлөмү ички керектөөдөн үч эсе көп, анын 2/3 си сыртка сатылат. Айыл чарба өндүрүшүнүн негизин үй-бүлөлүк ферма түзөт. Фермалардын орт. аян­ты 58 га. Чакан фермалар (30 гага чейин) жал­пы чарбанын 49%ин (айд. жердин 12%), ири фермалар (50 га дан ашык) 37%ин түзөт (иште­тилген жердин 79%). Жалпы чарбалардын 60% мал чарбасы, 40% өсүмдүк өстүрүүчүлүк м-н алектенет. Агр. секторунда фермерлер түзгөн 300гө жакын кооператив, коом, биримдик, иш­каналар ж-а ассоциациялар иштейт. Коопера­тивдер продукция сатуу ж-а сатып алуу, а. ч. техникасын ремонттоо ж. б. иштерди жасайт. Бардык чарбачылык иштер механикалашты­рылган ж-а автоматташтырылган; минералдык

Дания акчасы.

жер семирткичтерди пайдалануу жылдан жыл­га азайып, экол. таза технологияны колдонуу кеӊейү үдө.

Агроөнөр жай комплексинин экспорту 9,6 млрд долларды түзөт (а. и. чочко эти 4,65 млрд, сүт продукталары 1,8 млрд, баалуу тери 0,67 млрд доллар; 2005). Негизги соода шериктери: Герма­ния, Улуу Британия, Япония, Швеция, о. эле Чыгыш Европа өлкөлөрү.

Айыл чарбасынын башкы тармагы – мал чар­басы (агр. продукция наркынын 65,5%и). Чоч­кочулук ж-а сүт багытындагы уй асыроо өнүк­көн. 2005-ж. 13,5 млн чочко болгон; чочко этин даярдоо б-ча дүйнөдө 5-орунда (2 млн кг; анын 1,6 млн кгнан ашыгы экспортко чыгарылат); пайдаланылган ж-а экспортко чыгарылган чоч­ко этин киши башына бөлүштүргөндө Европа­да 1-орунда. 2005-ж. 17,5 млн тоок асыралган. Д. – суу суусарынын терисин даярдоо ж-а аны экспорттоо б-ча (дүйнөлүк өндүрүштүн 40%) дүйнөдө алдыӊкы өлкөлөрдүн б ири.

Мал чарбасы үчүн өстүрүлгөн тоют өсүмдүктө­рүнүн аянты азык-түлүк өсүмдүктөрүнүкүнөн кыйла чоӊ. А. ч-га жарактуу жеринин (барды­гы 2645,3 миӊ га; өлкөнүн аймагынын 65%) 52,2%и дан (арпа, буудай, о. эле сулуу, кара буу­дай), 30,3% тоют ж-а 3,6% азык тамыр өсүмдүк­төрүнө (картошка, кант ж-а тоют кызылчасы), 0,8% жашылча, мөмө-жемишке туура ке лет.

Балык негизинен (75%) Түндүк деӊиздин жээ­гинен кармалат; дарыяларда, көлдөрдө ж-а ак­вафермаларда балык (жилингир, сом, курт ба­лык ж. б.) көбөйтүлөт. Д. балык кармоо ж-а көбөйтүү б-ча дүйнөдө 3-ору нда.

Өлкөнүн экономикасынын ири ж-а туруктуу өнүккөн сектору – тейлөө чөйрөсү. Маанилүү тар­магы – финансы ж-а ишкердик жактан тейлөө. Д. калкты компьютер, Интернет ж-а тез байла­ныш м-н камсыз кылуу б-ча дүйнөдөгү беш ал­дыӊкы өлкөнүн ичине кирет. Ошондой эле иш­кердик жактан тейлөө ж-а далдалчылык (инж., курулуш, транспорт, энергетика, компьютердик технология, о. эле аудитордук, бухгалтердик, лизинг, маркентинг, реклама ж. б. жактан тейлөө) өнүккөн. Финансылык тейлөө секторун­да банк-кредиттик мекемелердин мааниси зор (548 банк иштейт). Илими өнүккөн; азыркы тех­нология, инновация кеӊири пайдаланы лат.

Д. – Борб. ж-а Түн. Европа өлкөлөрүнүн орто­сундагы стратегиялык транспорт түйүнү; трансев­ропа жүктөрүнүн бир бөлүгүн тейлейт. Маанилүү аралдары тоннель-көпүрө курулмалары м-н бай­ланышат. Кичи ж-а Чоӊ Бельт кысыктарына салынган көпүрөлөр Ютландияны Фюн ж-а Зе­ландия а-дары м-н туташтырат. Эресунн (Зунд) кысыгынын астынан өткөн автомобиль ж-а те­мир жолдору (жалпы уз. 15,8 км) Копенгагенди Мальме ш. (Швеция) м-н байланыштырып, Скандинавия өлкөлөрүнөн Германияга жол ачат. Швеция, Новергия, Германия м-н паром аркы­луу да катташат. Сыртка ташылган жүктүн 75%ке жакыны деӊиз, 17%тейи автомобиль, 8%ке жакыны темир жолуна туура келет. Ав­томобиль жолунун уз. 72 257 км, анын 1032 кми жогорку ылдамдыктагы автомагистраль (2005).ны электрлештирилген; 2005). Сырткы жүктөр­дүн 75%ке жакыны, ички жүктөрдүн 1/ ге жа- 5 кыны деӊиз флоту м-н ташылат. 118 порт ж-а терминал иштейт. 28 аэропорт бар; эл аралык ири аэропорттору: Каструп (Копенгагенде), Бил­луни, Орхус, Оде нсе.

Д-га дүйнөлүк экспорттун 1,1% ж-а импорт­тун 0,9% таандык. Экспортунда маанилүү орунду машина куруу (энергетика, тамак-аш ө. ж., телекоммуникация жабдуулары ж. б.), хим. ж-а фармацевтика ө. ж. продукциялары ээлейт, азык-түлүк (эт ж-а сүт продуктулары, балык, дан) ж. б. чыгарып, сырттан ө. ж. жабдууларын, автомобиль, компьютер техникасын, офис жаб­дууларын, ө. ж. үчүн сырьё ж-а чала фабрикат, химикат, малга тоют ж. б. алат. Негизги соода шериктери: Германия (экспорттун 17,3%, им­порттун 20,7%), Швеция (13,3 ж-а 13,7%), Улуу Британия (9 ж-а 6%), о. эле, Нидерландия (5,2 ж-а 6,6%), Норвегия (5,3 ж-а 4,5%), АКШ (6,5 ж-а 2,8%) ж. б. Кытай м-н соода-сатыгы тез темпте өнүгүүдө.

Маданияты.

Д-нын маданиятында жерг. эл­дик салттар ж-а Европа мамлекеттеринин таа­сири таасын байкалат. Өлкөнүн калкы дээрлик сабаттуу. Милдеттүү 9 жылдык билим берилет, балдар жалпы билим берүүчү мектептерде оку­шат. Кесиптик-тех. билим берүү мекемелери иштейт. Жогорку билим берүү системасына ун­ттер, экономика, башкаруу ж-а чет тилдер жо-

горку мектептери, фармацевтика, китепкана, педагогикалык ж-а стоматол. коллеждери, тех­никалык ин-ттар кирет. Ири ЖОЖдору: Копен­гагендеги Королдук иск-во академиясы, мындан тышкары Копенгаген, Ольбор, Орхус, Оденсе, Роскиллде ун-ттер, Королдук ветеринария ж-а а.ч. ун-ти, Дания жогорку тех. мектеби, Дания инж. академиясы бар.

Д-нын алгачкы адабий эстеликтери 12-к-да латын тилинде пайда болгон. 16-к-да улуттук тилдин өнүгүүсүнө Библияны дан тилине котор­гон (1550) К. Педерсон зор салым кошкон. 18-к­да Д-да агартуучулук идеялар тарайт. Ошол доорго таандык көрүнүктүү философ, драматург, сатирик Л. Хольберг улуттук дания театрын не­гиздөөчү катары, о. эле Й. Х. Вессель, Й. Эвальд сыяктуу акын ж-а драматургдардын реалисттик чыгармалары кеӊири белгилүү. 19-к-да адабий романтизмдин өкүлү А. Эленшлегердин чыгар­малары адамдын мүмкүнчүлүктөрүнө карата ишеним м-н оптимисттик маанайда жаралган. Дания романтизминин классикалык доорунун көрүнүктүү өкүлү – Х. К. Андерсен жомокту уни­версалдуу, көп түрлүү акын-жазуучулардын маз­мундуу, филос. ж-а диний-нравалык идеяларга жык толгон жанрга айланткан. С. Кьеркегор, Й. В. Йенсен, Х. К. Браннер, И. Кристенсен, П. Хойхольт ж. б. чыгармаларында элдин тур­мушундагы түрдүү окуялар чагылдырылат. С. Бёдкер, Б. Реутердин балдар үчүн жазылган чыгармалары Д-да, о. эле чет өлкөлөрдө кеӊири белги лүү.

Аймактагы маданий эстеликтердин калдыгы б. з. ч. 8-миӊ жылдыкка таандык. 10–14-к-да роман, готика стилинде чиркөө, сепил, аскер­дик-инж. курулуштар салынган. 16–17-к-да шаар куруу өрчүгөн. 1754-ж. Копенгагенде Көр­көм академиянын уюшулушу улуттук көркөм классицизмдин калыптанышына шарт түз­гөн. Анын Б. Торвальдсен, Н. А. Абильгор, К. Ф. Харсдорф, К. Ф. Хансен сындуу өкүлдөрү кеӊири белги лүү.

Сүрөт өнөрүнүн эстеликтери таш дооруна таан­дык. Алгачкы миниатюралар 11–12-к-да пайда болгон. Классицизмдин көрүнүктүү өкүлдөрү (Б. Торвальдсен, Е. Юль ж. б.) чыгармаларын барокко, рококконун таасиринде жараткан. Ска­ген кыш-нда сүрөтчүлөрдүн колониясы негизде­лип, анын мүчөлөрү жарык ж-а абанын тааси­рин изилдешкен, андагы П. С. Крёйер, В. Йо­хансен, Т. Э. Филипсен, жубайлар А. К. ж-а М. П. Анкерлердин чыгармалары живопись ж-а лиризми м-н айырмаланат. Сүрөт өнөрүндө импрессионизмден абстракционизмге чейинки ар түрдүү багыт өкүм сүргөнү м-н негизги орун реа­лизмге таандык. Анын өкүлдөрү – Х. Бидструп, О. Руде ж. б. 21-к-дын башында түрдүү жанр­дагы сүрөтчүлөрдүн башын коштурган Копенга­гендеги Опера жаӊы имараты (2004, арх. Х. Лар-

Фредериксборгедеги сепил.

сен, сүрөтчүлөрү: О. Элиассон, Т. Розенцвейг, Э. А. Франдсен, С. Торнборг ж. б.) курул ган.

Улуттук музыкасы 12-к-га чейин элдик чы­гармалар (баатырдык, эпикалык) м-н гана чек­телген. Профессионалдык музыканын алгачкы үлгүлөрү 15–16-к-да пайда болгон. М. Педерсон, Х. Нильсен ж. б. тунгуч профессионал компо­зиторлор чыгармаларын венеция мектебинин таасиринде жазган. Д. музыкасы 17-к-да ита­лиялыктар м-н француздардын, 18-к-да немис композиторлорунун таасиринде жазылган. Улут­тук стилде жазылган алгачкы чыгармалар – Кунцендин «Холгер Данске» (1789) ж-а Шульц­тун «Эгин майрамы» (1790). 1867-ж. Копенга­генде негизделген консерватория ж-а Муз. би­рикме (1836) муз. мад-ттын очогуна айланган. Борбор калаада жыл сайын эл аралык жаз фе­стивалы өткөрүлүп ту рат.

Д-да театр өнөрү 16-к-да калыптана башта­ган. 19-к-дын биринчи жарымында Р. Монте­гью шаардык жаӊы театрды жетектеп, алгач­кы ирет оригиналдуу пьесалар коюла баштаган. 1748-ж. Копенгагенде театр ачылып, 1770-жыл­дан Королдук дания театры деп аталган. Анын репертуарында Вольтер, Мольер, П. О. Бомар­ше, Р. Шеридандын чыгармалары болгон. Улут­тук актёрдук өнөргө негиз салгандар: Г. Лон­неман, М. У. Хортулат, Н. Клемантин, К. Валь­тер, М. Росинг ж. б. Учурда актёрлорду Копен­гагендеги драмалык иск-во мамл. мектеби (1886– 1967-ж. Королдук театрдын алдында иштеген) даярдап чыгарат. Д. Королдук театры өлкөдөгү ири чыгармачыл жамаат катары белгилүү. Анда драма, балет ж-а опера труппалары бар.

Балет өнөрү 17-к-дан баштап өнүгө баштаган. 20–21-к-дын башталышында: А. Ларкесен, Л. Еппесен, Й. Элиасен, Й. Кобборг, Г. Боесон, К. Кавалло, Т. Лунн ж. б. артисттер Д. улут­тук балетин өнүктүрүүгө зор салымдарын ко­шуш кан.

Копенгагенде алгачкы фильм 1896-ж. көрсө­түлгөн. 1903-ж. сүрөтчү П. Эльфельт кыска метраждуу фильмин көрүүчүлөргө тартуулаган. 20- к-дын башында Европа өлкөлөрүнүн ичинде Д. кинематография тармагында көрүнүктүү орун­ду ээлеген. Үнсүз кино доору негизинен О. Оль­сендин ысмы м-н байланыштуу. Ал 1906-ж. «Nordisk Film» кинокомпаниясын уюштуруучу­лардын бири болгон. Биринчи дүйнөлүк согуш жылдарында негизинен сентименталдуу драма­лар («Мекен үчүн», «Акыр заман», «Асман ке­меси» ж. б.) коюлган. 1920-ж. Р. С. Петерсон алгачкы анимациялык «Үч адам» аттуу филь­мин тарткан. Немис фашисттик оккупация мез­гилинде көбүнчө комедиялар экрандаштырыл­ган. Ошону м-н катар эле олуттуу фильмдер, мис., С. Метлингдин (1940) «Жайдын кубаныч­тары», 1943-ж. дания кинематографиясынын белгилүү режиссёру К. Т. Дрейердин «Каардануу күнү» сыяктуу мыкты фильмдердин бири ката­ры эсептелген кинолор да жаралган. Согуштан кийин «Көрүнбөгөн армия» (1945, реж. И. Якоб­сен), «Дитте – адам баласы» (реж. Б. Хеннинг- Енсен; 1946-ж. Венецияда өткөн кинофестивал­дын байгесин алган) ж. б. фильмдер тартыл­ган. 70-жылдары Д-да кино тармагын мамле­кет тарабынан колдоо ж-дө мыйзам кабыл алын­ган соӊ бир кыйла өнүгө баштаган. Мис., Б. Ав­густтун «Пеле-баскынчы» (1987, Канныдагы эл аралык фестивалда баш байгеге, «Оскар» сый­лыгына татыктуу болгон), Г. Акселдин «Бабет­танын тою» (1987, «Оскар» сыйлыгы), Т. Вин­тербергдин «Кымбаттуу Венди» (2005) ж. б. Копенгагенде 1940-ж. Д. киномузейи, 1972-ж. Д. киноинституту ачылган.

Ад.: О’ Делл Э. Скандинавия. М., 1962; Серебряный Л. Р. Физическая география и четвертичная геология Дании. М., 1967; Петренко И. М. Сельское хозяйство Дании. Краснодар, 2004; Коваленко В. П. Промыш­ленное производство молока и свинины в Дании. Краснодар, 2005.