БРИАНШОН ТЕОРЕМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:24, 24 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИАНШОН ТЕОРЕМАСЫ́Н ТЕОРЕМАСЫ – проекциялык геометрия теоремасы; ал 2-тартиптеги ийри сызыктын сыртына сызылган ар кандай 6 бурчтуктун карама-каршы чокуларын туташтыруучу түз сызыктар бир чекитте (Брианшон чекитинде) кесилишет деп аныктаган. Теореманы 1806-жылы франциялык математик Ш. Ж. Брианшон (1785–1864) далилдеген (аты ошондон). Брианшон теоремасы менен Паскаль теоремасы (проекция геометриясындагы) кош принципти колдонуу аркылуу бири экинчисинен алынат. Брианшон теоремасы бир жактуу сызгычты гана пайдаланып, проекциялык жана элементардык геометриянын конструкциялык (түзүүгө берилген) маселелерин чыгарууга мүмкүндүк берет.