ДЕСОРБЦИЯ
ДЕСО́РБЦИЯ (de... ж-а лат. sorbeo – сиӊирем) – адсорбцияга тескери процесс; адсорбенттин бетинде ж-а көлөмүндө жутулган заттын кайрадан сыртка бөлүнүп чыгышы. Д. ылдамдыгы төмөнкү формула м-н туюндурулат: ϖd=
=f(θ) . k .exp(–εd/ RT), мында f(θ) – адсорбент молекуласы м-н анда жутулган адсорбат молекуласынын өз ара аракеттешүү мүнөзүнө ж-а адсорбенттин бетинин абалына көз каранды функция, kd – Д. ылдамдыгынын турактуусу, εd – адсорбциянын активдештирүү энергиясы, Т – абс. темп-ра. Д. ар кандай материалды кургатууда, гетерогендүү катализаторду регенерациялоодо, адсорбенттик насосту иштетүүдө, адсорбентте ж-а абсорбентте жутулган газ, буу сымал ж-а эриген баалуу заттарды бөлүп алууда ж. б. ке- ӊири колдонулат.