ДЕКОРАЦИЯ ИСКУССТВОСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:01, 25 Март (Жалган куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕКОРА́ЦИЯ ИСКУССТВОСУ – пластика өнөрүнүн тармагы; ал архитектура жана дизайн сыяк­туу материалдык чөйрөнүн көркөм калыптаны­шына таасир кылып, ага эстетикалык жана идеялык ­образдык касиет берет. Декорация искусствосу түздөн-түз архитектура менен байланышкан монумент искусствосунда (фасаддарды, интерьерлерди, ошондой эле парк скульп­тураларын кооздоочу архитектуралык декор, рельеф, статуя, витраж, мозаикаларды түзүү) жасалга­-колдонмо өнөрүндө (көргөзмөлөрдүн жана музей­лердин экспозициялык элементтери же детал­дары), аянт, парк, оондой эле имараттар, интерьрлер жана башка ансамблдин көлөм-мейкиндик жак­тан уюшулушунда, ансамблдин айкалышында гана таасирдүү кабыл алынат.