ДАВЛЕТОВ Сатыбалды
ДАВЛЕТОВ Сатыбалды (18. 2. 1938, Сузак району Т. Тайгараев айылы – 27. 12. 2003, ошол эле жер) – педагог, Кыргыз Республикасынын эл мугалими (2003). Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими (1987). Ош педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин (1962), Ташкент педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин (1965) бүтүргөн.

«Кызыл пахтачы» орто мектебинде мугалим, «Көк-Арт» орто мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы, директор (1982– 1984) болуп иштеген. Өкмөттүк сыйлыктарга татыктуу болгон. СССРдин (1989) жана Кыргыз ССРинин (1991) эл агартуусунун отличниги.