БИОЛЮМИНЕСЦЕНЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 25 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) (Created page with "'''БИОЛЮМИНЕСЦЕНЦИЯ''' (  ''био''.... ж-а  ''люминесценция) –'' тирүү оргаизмдердин  караңгыда жарык  чыгарышы.  Көпчүлүк учурда бул жаркылдоо ферменттик реакция  м-н шартталат.  Б.  м-н коштолгон  реакциялардын субстраттары хим. табиятына байланшшсыз эле люцефери...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БИОЛЮМИНЕСЦЕНЦИЯбио.... ж-а  люминесценция) – тирүү оргаизмдердин  караңгыда жарык  чыгарышы.  Көпчүлүк учурда бул жаркылдоо ферменттик реакция  м-н шартталат.  Б.  м-н коштолгон  реакциялардын субстраттары хим. табиятына байланшшсыз эле люцефериндер, ал эми бул реакцияга катышкан ферменттер люцеферазалар деп аталат.  Б. ар кандай  түзүлүштөгү жаныбарлардын 1000ден ашык түрлөрүндө,  а.и.  бактериялар, козу карындар, жөнөкөйлөр, ичеги көңдөйлүүлөр, моллюскалар, рак сымалдар, курт-кумурскалар ж-а балыктарда  байкалат. Б-га көпчүлүк деңиз жаныбарлары жөндөмдүү.  Кургактагы организмдерден  кээ бир козу карындар,  үлүлдөр, көп буттуулар ж-а курт-кумурскалар;  тузсуз сууда жашагандардан  өтө азы   (азырынча жаңы зеландия үлүлү, мите бактериялардын бир нече түрү) жаркылдайт.  Жаныбардын бүтүндөй денеси же атайын органы жарык чыгарышы мүмкүн; жаркылдоо көбүнчө  көк же жашыл, чанда сары же кызыл түстө  болот.  Жаныбарлардын жаркылдоосу  өзүнүн душмандарын качырат, башка жакка буруп жиберет же көрүүсүн төмөндөтөт. Кээ бир жаныбарларда  жаркылдоо өзүнүн түрүнө болуучу коркунучту эскертет ж-а  жаркылдак коңузда  башка жыныстагы особду өзүнө бурат.  Көп клеткалуу жаныбарларда жарык чыгаруунун   узактыгы ж-а  интервалы  нерв системасы м-н көзөмөлдөнөт ж-а кыймылы коргонуу реакция м-н координацияланат. Бир аз жаныбарлар – бактериялар, козу-карындар олигохеттер, көп буттуулар, курт-кумурскалардын  айрым түрлөрү такай жаркылдап турат.   Өтө терең  сууда жашоочу  балыктардын кээ бир түрлөрү  жакын аралыкка кызыл жарык берет,  аны терең суудагы жаныбарлар көрөт.  Жарык чыгаруучу субстраттар  ж-а реакцияны коштоочу ферименттер   жакын түрлөрдө да  (мис., калак буттуу м-н  ракушкалуу рактарда)   бири-биринен  айрмаланат. Эволюциянын жүрүшүндө  бири-бирине байланышсыз  Б-нын 30дан ашык  типтери сыпатталган.  

        Б-нын интенсивдүүлүгүн өлчөө   ил. из. иштерде  кеңири пайдаланылат.  Чөйрөнүн жагымсыз факторлорунун таасиринен фотобактериялардын   Б-нын төмөндөшү, аларды экол. мониторингде  (мис., деңиздин экол. “ден соолугунун” көрсөткүчү катары)   ж-а токсикол. анализде  пайдаланууга  түрткү болот.