ДАНТЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:31, 25 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДА́НТЕ Алигьери (15. 5. 1265, Флоренция – 14. 9. 1321, Равенна) – италян акыны, италян ада­бий тилин түзүүчү. Европада италян тилиндеги романдаштырылган биринчи автобиограф.

«Жаӊы турмуш» деген чыгарма жазган (1292). Данте Фло­ренциянын коомдук турмушуна активдүү ка­тышканы үчүн эки жолу өлүм жазасы өкүм кылынган. 1304–1307-жылдары жазылган «Элдик тил жөнүндө» (латын тилинде), «Той» трактатта­ры – италян тилиндеги философиялык прозанын үлгүсү. «Монархия жөнүндө» деген саясий трактатын­да дүйнөлүк монархия идеалын жактайт. Үч бөлүктөн («Тозок», «Күнөөдөн арылуу», «Бе­йиш») жана жүз ырдан турган «Ажайып коме­дия» (1307–1321) Дантенин чыгармачылыгынын туу чокусу, орто кылымдын поэтикалык энциклопедиясы бо­луп эсептелет. Акындын чыгармачылыгы европа мад­аниятынын өнүгүшүнө да зор таасир тийгизген. «Ажайып комедиясы» кыргыз тилине котору­луп, айрым үзүндүлөрү жарык көргөн.

Чыгармалары.: Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы. Б., 2004.

Ад.: Елина Н. Данте. М., 1965; Голенищев-Кутузов И. И. Данте и всемирная литература [Сб. статей]. М., 1967; Данченко В. Т. Данте Алигьери. Библиографи­ческий указатель рус. переводов и критич. лит-ры на рус. яз., 1762–1972. М., 1973.

Э. Кылычев.