ВАРЬЕТЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:34, 26 Март (Жалган куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ВАРЬЕТЕ́ (латынча varietas – ар түрдүүлүк, аралаш) – ар кыл театр жанрларынан турган сахна чыгармасынын бир түрү. Варьетеде эстрада, цирк, музыка, хореография жанрлары синтездештирилип, бир көркөм сахна чыгармасы (спектакль) жаралат. 1720-жылы Парижде ачылган «Варьете» театрынын атынан келип чыккан. Варьете спектаклдери оюн-шоок, көӊүл ачуу мүнөзүндө болгон. Варьете программасына бир актылуу пьесалар, ырчы аткаруучулар, көркөм окуу, бийчилер, музыканттар, акробаттар, жонглёрлор, көз боёчулар кирген. Варьете театрынын өнүгүү мезгили болгон 1920–1930-жылдарда Парижде М. Шевалье, Ж. Беккер өздөрүнүн актёрдук талантын көрсөтүшкөн.