ГУДРОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУДРО́Н (фр. goudron) – 1) майлуу же калдыктуу Г. – нефтиден бензин, керосин ж-а негизги май фракцияларын алгандан кийин калган кара илээшкек чайыр масса. Тыгыздыгы 950–1000 кг/м3. Г. жол курулушунда колдонулуучу, чатыр жабуучу ж-а изоляция материалдарын жасоо үчүн битум алынуучу сырьё болуп эсептелет. Май фракциясы толук эмес бөлүнгөн калдык жарым Г. деп аталат. 2) Кычкыл Г. – нефть продуктуларын (мис., майлоочу майлар) концентр. туз к-тасы м-н тазалагандан кийинки калдык.