БУТАНДАР
БУТАНДАР , С4Н10 – түссүз, жытсыз, газ түрүндөгү каныккан углеводороддор. Органикалык эриткичтерде эрийт; сууда эрибейт. Эки изомери белгилүү: нормалдуу бутан СН3–СН2–СН2–СН3 – 0,5°Сде, изобутан (СН3)2 СНСН3 – 11°Сде кайнайт. Нормалдуу бутандын белгилүү көлөмдөгү аралашмасы 90–150°Сде AICI3, HClдун таасири менен 10–20 атмосфералык басымда жарылууну пайда кылат. Изобутанга алкилдөө жана дегидрлөө реакциясы мүнөздүү. Аны А. М. Бутлеров синтездеп алган. Алар жаратылыш жана нефть газдарында учурайт. Бутандар нефтинин фракцияларын крекингдөө жана гидрокрекингдөөдөн да алынат. Анын пропан ж. б. углеводороддор менен аралашмасы газ отуну катары колдонулат.