ДЕДУКЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:12, 27 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕДУ́КЦИЯ (лат. deductio – чыгаруу) – ойло­нууда логика законунун негизинде алгачкы ой­лордон жаӊы ой чыгаруу ыкмасы; жалпы жо­бодон жеке жыйынтыкка алып баруучу ой ко­рутундусунун бир түрү. Дедукция үчүн ой бүтүмүнүн зарыл ж-а туура болушу мүнөздүү, башкача айтканда эгер не­гизги ой өбөлгөлөрү чындыкка ж-а Дедукция закондо­руна туура келтирилген болсо, анда зарыл түр­дө ой бүтүмү да туура болот. Ошондуктан илим­деги теориялар Дедукция ыкмасынын натыйжасында жаралат. Ушул сапаты м-н Дедукция индукциядан, башкача айтканда эреже катары ой бүтүмдөрү жекеден жалпыга карай жүргөн логикалык жолдон айырмаланат. Жалпы принциптерге, жоболорго, аксиомалар­га таянган илимдер Дедукциялык илимдер деп аталат (математика, теориялык механика, физиканын ай­рым тармактары ж. б.). Ал эми тажрыйбалар­дын айрым маалыматтарын жалпылоо жолу м-­н өнүккөн индукциялык илимдерге биология, топурак таануу, медицина ж. б. кирет. Дедукция да­лилдөөнүн негизги каражаттарынан болуп са­налат.