ДЕЗОКСИРИБОНУКЛЕИН КИСЛОТАСЫ (ДНК)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 27 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) (Temirkan moved page ДЕЗОКСИРИБОНУКЛЕИ́Н КИСЛОТАСЫ (ДНК) to ДЕЗОКСИРИБОНУКЛЕИН КИСЛОТАСЫ (ДНК)) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЗОКСИРИБОНУКЛЕИН КИСЛОТАСЫ (ДНК)– бардык тирүү организмдердин, көпчүлүк вирустарда тукум куугучтукту сактоочу нукле­ин кислоталарынын бири. Дезоксирибонуклеин кислотасы бардык клеткалар­да болуп, белоктун биосинтезин иретке салат. ДНК өсүмдүк жана жаныбар клеткаларынын яд­росундагы хромосомада чогулган. ДНК молеку­ласы коваленттик байланыш аркылуу бирик­кен нуклеотиддерден турат. Нуклеотиддердин курамына: азот негиздери, пурин (аденин же гу­анин) менен пиримидин (тимин же цитозин), де­зоксирибоза, фосфор кислотасы кирет. Нуклеотид­дин ырааттуулугу ДНКнын биринчилик түзүлүшү деп аталат. Ар бири табигый ДНКнын биринчилик түзүлүшү, анын каси­еттерин мүнөздөйт. 1953-жылы америкалык окумуш­туулар Ж. Уотсон жана Ф. Крик ДНК моде­лин аныкташкан.

Файл:ДЕЗОКСИРИБОНУКЛЕИ́Н КИСЛОТАСЫ (ДНК)62.png
ДНКнын кош спиралы­нын Уотсон – Крик су­нуштаган модели.

Бул модель боюнча ДНК оӊ оролгон, бири бирине карама-каршы багытталган эки полинуклеотид тизмектен турган спираль. Ал – ДНКнын экин­чилик түзүлүшү. Кант менен фосфор кислоталары спи­ралдын четтеринде, азот негиздери спиралдын ичинде перпендикулярдуу молекула огуна жай­гашкан. ДНКдагы эки тизмектеги негиздер суу­тек байланышы аркылуу биригет. Көпчүлүк орга­низмде ДНК эки тизмектүү түз сызыктуу же шакек формасында болот. ДНК полимераза ферментинин таасири астында пайда болот. ДНКнын биологиялык мааниси чоӊ. Ал тукум куугуч­туктун материалдык негизин түзөт; анда орга­низмдин түзүлүшү, өөрчүшү, белгилери жөнүндөгү маалыматтар сакталат жана ал аркылуу укум­дан тукумга берилет.