БУРХАРДТ РЕНЕТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:55, 27 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́РХАРДТ РЕНЕТИ – алманын эрте күздө бышуучу сорту. Крымдык багбан Н. Гартвис чыгарып, немец окумуштуусу Бурхардттын ысмы коюлган. Кыргызстанда, Казакстанда көп өстүрүлөт. Кышка чыдамдуу, 4–5 жылдан кийин мөмө байлайт. Мөмөсү кыйгыл, даамдуу, ширелүү, жыты буруксуп турат, орточо салмагы100–120 г. Бурхардт ренети августтун аягында бышып, 3 ай сактоого жарайт. Андан как, кыям ж. б. жасалат.