ГАДОЛИНИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:29, 27 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАДОЛИ́НИЙ (лат. Gadolinium), Gd – элементтердин мезгилдик системасынын III тобунан орун алган химиялык элемент. Катар номери 64, ат. м. 157,25. Г. лантаноиддерге кирет. Жаратылышта массалык сандары 152, 153, 154–158, 160 болгон изотоптору табылган. Жер кыртышындагы массасы 8.10–4%. 1880-жылы Швейцариялык химик Ж. де Мариньяк ачкан, 1886-жылы П. Лекок де Буабодран 1-жолу оксиди (Gd2O3) түрүндө бөлүп алган. Гадолиний жумшак күмүш түстөгү ак металл; тыгыздыгы 7,895 г/см3, балкып эрүү температурасы 1312°С; кайноо температурасы 3250°С; бирикмелеринде окистенүү даражасы +3. Абада окистенет; суу, HCl, HNO3, H2SO4 м-н бөлмө температурасында, ал эми ысытканда Н2, N2, С, Р м-н реакцияга кирет. Гадолиний фториддерин металлотермиялык калыбына келтирүүдөн алынат. Темир, никель, кобальттын магниттүү куймаларына кошулат. Гадолиний бирикмелери (Gd2O3, Gd2S3 ж. б.) жарым өткөргүч касиетке ээ болгондуктан, оптоэлектроникада колдонулат.