ДЕЛАФОНДИОЗ
ДЕЛАФОНДИО́З (Delafondiosis) – сыӊар туяктуу малдын гельминтоз ылаӊы. Нематода (Delafondia vulgaris) пайда кылат. Анын курту агыш-саргыч келип, эркегинин узундугу 14–16 мм, ургаачысы 20–24 мм. Көбүнчө жылкы ылаӊдайт. Курт жоон ичегинин чычыркай майындагы кан тамырларда мителейт. Жоон ичегиде ургаачысы жумуртка таштап, ал эки баскычтан өтүп чоӊоёт. Личинкалары малдын заӊы м-н кошо сыртка чыгат. Айрым курттары боор, өпкө, лимфа түйүнүнө өтүп, канды уютат. Делафондиоз бардык жерде кездешет. Ылаӊ оор ж-а жеӊил түрдө өтөт. Чоӊ жылкынын чычыркай майындагы кан тамырды личинка бөгөп, жылкы тынчсызданып, жаталактайт. Ичи көөп, денеси калтырап, карышып, өлүмгө учурайт. Ылаӊдатпоо үчүн малды бир жылда эки жолу (апрель, октябрь) дегельминттөө, ошондой эле короо-сарайды, урунган куралдарды таза кармоо, жылкы асыроодо жайытты алмаштырып туруу керек.