ДЕЛБЕК ТАНТАЛ-НИОБИЙ КЕНИ
ДЕЛБЕК ТАНТАЛ-НИОБИЙ КЕНИ Баткен районунда, Ак-Терек суусунун сол куймасы Делбек-Сайдын капталдарында, деӊиз деӊгээлинен 2200– 4000 м бийикте жайгашкан. Издөө иштери 1988– 89-жылдарда жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин гранит-сиенит интрузиясы, дайкалар жиреп чыккан силурдун метаморфизмделген кристаллдык сланецтеринен, кварциттерден түзүлгөн. Кен Матча интрузия массивинин түндүк-чыгыш контактысына туура келет. Кенташтык метасоматиттер тектоникалык талкаланган зоналарды түзөт. Метасоматиттердин үч тиби аныкталган: фениттер, альбититтер ж-а карбонаттык метасамотиттер. Кендин негизги кенташтык минералы – пирохлор. Кенташтагы тантал кычкылынын өлчөмү 0,047–0,067%, ниобий кычкылыныкы – 0,011%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 88248,0 миӊ т. Тантал кычкылынын болжолдуу ресурсу 56134 т, ниобий кычкылыныкы – 9707 т.