ДЕЛИ
ДЕ́ЛИ – Индиянын борбор шаары (1947-жылдан). Жамна дарыясынын боюнда, Аравали тоосунун түндүк-чыгыш тармагында. Дели союздук аймагынын административдик борбору. Аскер кызматчылары жашаган Эски Делиге (же Шахжаханабад, шаардын тарыхый очогу) ж-а расмий мамлекеттик борбор болуп эсептелген Жаӊы Делиге (Нью-Дели) бөлүнөт. Калкы 11,5 млн (2007). Жолдор тоому, эл аралык аэропорту бар. Түрдүү жеӊил, химия, айнек-карапа, тамак-аш, курулуш материалдар, полиграфия, металл иштетүү, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Төрт университет, улуттук ж-а куурчак музей-

лери, улуттук заманбап галерея, М. Ганди, Ж. Неру ж. б. мемориалдык музейлери иштейт. Алгач Махабхарата эпосунда эскерилет. Байыркы убакта Индрапрастха аталган. 1206-жылы Дели султандыгынын, 1526-жылдан Могол империясынын борбору. 1803-жылы англистер басып алган. 1911–47-жылдарда Британиялык Индиянын борбору. Темир колонна (5-кылымдын башы), Кутб Минар минарети (13-кылымдын башы), Кувват-ул-ислам, Жама Масжид мечиттери, Ыйык Жеймс англикан чиркөөсү (1836), Лотос храмы (1980–86), президент ак сарайы (аянты 132 га), Лал-Кила чеби («Кызыл форт», 17-кылым), мавзолей ж. б. сакталган. Жантар-Мантар обсерваториясы (1725) иштейт.