ДЕЛИМИТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛИМИТА́ЦИЯ (delimitatio – чек араны ор­нотуу) – чектеш мамлекеттердин ортосундагы чек ара сызыгынын жер бетиндеги ордун так аныктоо. Делимитация эл аралык келишимде белгиленет ж-а ага тиркелген картада графикалык жактан сүрөттөлөт. Делимитация татаал ж-а жай жүргөн процесс. Анда чектеш мамлекеттер мамлекеттик чек ара сызы­гын тактоо, аныктоо ж-а бекитүү б-ча саясий макулдашууга жетишүүсү зарыл. Делимитация жүргүзүү жөнүндөгү саясий макулдашуу биргелешкен коммю­нике, билдирүү, меморандум ж. б. саясий доку­менттерде жарыяланат. Мисалы, кыргыз-кытай чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү 1989-жылы Со­вет-Кытай, 1992-жылы Кыргыз-Кытай биргелешкен коммюникесинде бекитилген. Чек ара маселе­лери боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө пикир келишпестиктер болуп, ал чечилбеген учурда аны жөнгө салуу үчүн дипломатиялык ортомчулук, арбит­раждык, эл аралык сотту калыстыкка тартуу­га эл аралык укуктун жоболору жол берет. Чек араны Делимитациялоонун негизинде демаркация жүргү­зүлөт.

Э. Кадыров.