ДЕЛОС СОЮЗУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕЛО́С СОЮЗУ , А ф и н ы л ы к б и р и н ч и д е ӊ и з с о ю з у – Байыркы Грекияда деӊиз жээгиндеги шаарлар м-н Эгей деӊизиндеги арал­дардын союзу, Афинынын гегемониясы м-н б. з. ч. 478/477 – 404-жылдарда түзүлгөн. Грек-перс со­гуштарынын (500–449) убагында персиялык Ахе­мениддер державасына каршы чогуу күрөшүү үчүн грек полистеринин бирикмеси катары пай­да болгон. Союздун мүчөлөрү Делос аралында чогу­лушкан. Аны чындыгында афинылыктар баш­карып, согуш иштерине жетекчилик кылган, акчалай жыйымдардын (форостун) өлчөмүн аныктап, аларды бөлүштүргөн. Делос союзунун гүлдөп турган убагында анын курамында 200дөй шаар болгон. 454–453-жылдарда афинылыктар Делос союзунун ка­зынасын Афиныга алып келишкен. Ушундан кийин Афины өкмөтү казынаны өз билгенин­дей жумшай баштаган. Афины ал түгүл союз­даш шаарлардын ички иштерине да улам чеч­киндүүлүк м-н кийлигишип, өзүнө оӊтойлуу тартип орноткон, афинылык тыйынды бардык союздаштар колдонууга милдеттендирилген. Ошентип Делос союзу Афины деӊиз державасына ай­ланган. Бирок Пелопоннес согушунун убагын­да союздаштар Делос союзунан массалык түрдө чыга башташкан. Согушта жеӊилген Афины спарта­лыктардын ж-а алардын союздаштарынын та­лабы м-н 404-жылы Делос союзун жоюуга мажбур болгон.