ДЕЛЬТА
ДЕ́ЛЬТА – деӊиз же көлдүн тайыз жерине куйган ири дарыянын төмөнкү агымындагы агынды-шиленди тектерден түзүлгөн түздүк. Термин гректин ∆ (дельта) деген баш тамгасынан алынган, анткени ошол убакта Нил дарыясынын чатын үч бурчтукка окшоштурушкан. Дарыя куйган жерде суу агымынын ылдамдыгы кескин басаӊдашынан агындылар чөгүп, сайроондор пайда болот. Алар бара-бара сууну сай-сайлатып бөлүп, агым бир нече салаа боюнча агып калат. Убакыт өткөн сайын Дельтанын аянты деӊизди карай чоӊоёт. Дельтанын жайылып чоӊоюшунун ылдамдыгы жылына бир нече мден жүздөгөн мге чейин жетет. Айрым ири дарыялардын Дельтасы чоӊ аянтка ээ. Мисалы, Амазонка Дельтасыныкы 100 миӊ км2, Волганыкы 13 миӊ км2 ж. б. Пайда болушуна ж-а өсүп-өрчүшүнө байланыштуу үч бурчтуу

Дельта (Нил дарыясы), жалпак Дельта (Миссисипи, Кура), догоо сымал (Лена), тумшук сымал (Тибр), бөлүнгөн (Камчатка), толгон (Кубань) ж. б. болуп бөлүнөт.