ГАМЕТАНГИЙ
ГАМЕТА́НГИЙ (гамета ж-а гр. angtion – идиш) – өсүмдүктүн аталык ж-а энелик жыныс клеткалары – гаметалар жайгашкан бир же көп клеткалуу жыныс органы. Жөнөкөй түзүлүштүү өсүмдүктө гаметангийдеги гаметалар кээде айрым жыныс гаметаларга бөлүнбөйт, жыныс процессинде бүтүндөй гаметангий кошулат. Оомицеттерде, аскомицеттерде, базидиомицеттерде ж-а жынысы боюнча айырмаланган гаметалуу татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө эркек – аталык гаметангий антеридий, энелик гаметангий оогоний же археогоний деп аталат.