ДЕЛЬТАПЛАН
ДЕЛЬТАПЛА́Н (dtlta – грек алфавитинин 4-тамгасы ж-а planum – жалпактык) – моторсуз учуучу аппарат. Анын көрүнүшү гректин ∆ (дельта) тамгасына түспөлдөш болот. Адегенде дөӊсөө жерден гана учат. Тыгыз кездеме (мисалы, лавсан, дакрон) м-н капталган ичке (30–40 мм) металл түтүкчөлөрдөн түзүлүп, парустун шамал м-н кездешүүсүнөн пайда болгон көтөрүү күчүнүн эсебинен абада кармалып турат. Салмагы 16–20 кг. Канаттын астына рулдук башкаруучу трапеция (башкаруу туткасы) м-н асма система (учкучтун орду) орнотулат. Учуу учурунда учкуч – трапеция боюнча солго, оӊго, алдыга же артка ордунан жылып, Дельтапланды теӊ салмактуулуктан чыгарат. Ошонун натыйжасында анын учуу багыты өзгөрөт. Мотору чакан (10–15 кВт) болгон Дельтапланды мотодельтаплан деп аташат. Теӊ салмактуулук идеясы немис инженери О. Лилиенталга таандык (1981). Алгачкы Дельтапланды 1951-жылы америкалык Ф. Регало жасаган. Анын конструкциясы боюнча бир нече Дельтаплан жасалып, абага көтөрүлгөн.