ДЕМ АЛУУ
ДЕМ АЛУУ – жаныбар м-н өсүмдүк организмине айлана-чөйрөдөн кычкылтекти сиӊирип, зат алмашуунун акыркы продуктусу болгон көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууну камсыз кылуучу физиологиялык процесстердин жыйындысы. Бул процессте организмдин тиричилигине керектүү энергия бөлүнүп чыгат. Татаал ферменттик процесстерден улам организмде органикалык заттар (углевод, май, белок) процесси жүрөт да, ал Дем алуунун негизин түзөт. Ж а н ы б а р л а р д ы н Дем алуусу. Бир клеткалуу ж-а кээ бир майда жаныбарларда кычкылтек м-н көмүр кычкыл газы дененин бүткүл сырткы бети аркылуу өтөт. Татаал түзүлүштүү организмде кычкылтек тышкы чөйрөдөн атайын дем алуу органдары (өпкө, бакалоор) аркылуу канга өтүп, андан тышка көмүр кычкыл газы түрүндө бөлүнүп чыгат (сырткы Дем алуу). Сырткы Дем алуу адамда ж-а сүт эмүүчүлөрдө көкүрөк клеткасынын көлөмүнүн өзгөрүшү (дем алуу, дем чыгаруу) м-н болот. Анда өпкөнүн альвеолаларында кычкылтек ж-а көмүр кычкыл газынын парциалдык басымы дайыма сакталат. Адамдын Дем алуусу атмосфера абасы м-н өпкө альвеола абасынын ортосундагы алмашууну, альвеола абасы м-н кандын ортосундагы газ алмашууну, кан аркылуу газдарды ташуу, кан м-н ткандын
ортосундагы газ алмашууну ж-а клеткалык Дем алуунун механизмин камтыйт. Сырткы Дем алууну сүйрү мээдеги борбору башкарат. Клетка ж-а ткандын кычкылтекти керектеши аларда көмүр кычкыл газынын пайда болушу ткандык Дем алуунун негизин түзөт. Окистенүү процессинде органикалык заттардан суутек бөлүнүп, ткандарга кирген кычкылтек м-н кошулат (ткандык Дем алуу). Ө с ү мд ү к т ө р д ү н Дем алуусу. Өсүмдүк бардык органы, тканы ж-а клеткасы м-н дем алат. Дем алуунун ылдамдыгы бөлүнүп чыккан көмүр кычкыл газы м-н сиӊирилген кычкылтек санына карай аныкталат. Дем алуу жаш өсүмдүктүн өсүүчү органдары м-н ткандарында күчтүү, репродукция органдары м-н жалбыракта активдүү, сабак м-н тамырда начар өтөт. Жарыкта өсүүчү өсүмдүккө караганда көлөкөдөгүлөрү – начар, бактериялар, көк зеӊкерлер өтө активдүү дем алат. Температура жогорулаган сайын Дем алуу күчөйт. Кыштоочу өсүмдүк ткандарында да Дем алуу жүрөт, кээ бир физикалык-химиялык козгоолор (жаралануу, айрым уу заттары, наркотиктер) аны ылдамдатат. Кургак урукка караганда нымдалган, көптүрүлгөн, өнө баштаган урукта Дем алуу жүз, миӊ эсеге көп. Активдүү өсүү мезгили бүткөндөн кийин Дем алуу жайланат, урук, мөмө бышкан мезгилде анын ылдамдыгы азаят.
Ад.: Биохимия клеточного дыхания. М., 1960; Курс физиологии растений. 3-е изд., М., 1971.