ГАРЕЕВ КҮЗДҮГҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:03, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГАРЕЕВ КҮЗДҮГҮ – алма сорту. Курск ренети м-н боровинка алма сортторун кыйыштыруудан алынган. Анча бийик эмес, бутагы сейрек жыш мөмөлөйт. Суукка байымдуу, 4–5 жылдык дарагы мол түшүм бере баштайт. Температуранын тез өзгөрүшү ага көп таасир этпейт. Мөмөсү тоголок же сүйрү, орточо салмагы 120 г, саргыч, мала кызыл, ширелү, даамдуу. Сентябрдын башында бышып, ноябрдын ортосуна чейин сакталат. Гареев күздүгү КР ИАнын Ботаника багында чыгарылып, Э. З. Гареевдин атынан аталган.