ДЕМАГОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМАГО́ГИЯ (гр. demagogia, demos – эл, fgo – ээрчитем) – сөз жүзүндө элдин таламын тала­шымыш болуп, иш жүзүндө башка максатты (жакшы көрүнүү же башка мүдөө үчүн) көздөгөн иш-аракет. Демагогия көшөкөрдүк түшүнүгүнө жакын. Калктын көйгөйлөрүн, муктаждыктарын реал­дуу суроо-талаптарын алдын ала билип алып, ошолорду ишке ашыруу керек деген ураанга жа­мынып, өзүнүн (топтун) социалдык же саясий максатын көздөгөн ач көздүк аракеттери м-н белгилүү болгон, өзүнүн накта жүзүн, чыныгы максаттарын жашырган көшөкөр саясатчылар Демагогиянын «чеберлери» да болушат. Алар калпты чындай кылып айтууга, жарамсыз нерсени кооз­доп, жарактуу кылып көрсөтүүгө, көз көрүнөө алдоого, элдин ишенимине кирип, аны өз мак­сатына кыянаттык м-н пайдаланууга өтө маш келишет.