ДЕМАРКАЦИЯ ЧЕГИ
ДЕМАРКА́ЦИЯ ЧЕГИ – 1) согуш ишинде – согушкан мамлекеттер тынчтык келишим же макулдашуу жолу м-н туруктуу чек ара коюуну чечкенге чейинки убактылуу элдешүү учурундагы алардын аскерлерин бөлүп туруучу чек; 2) жеӊилген мамлекеттин аймагындагы басып алынган жерге салынган чек; 3) коӊшу мамлекеттер талашкан аймакка убактылуу коюлган чек. Демаркация чеги согушкандардын ортосунда өзгөчө макулдашуу м-н аныкталып, чектеш мамлекеттердин аралаш комиссиясы белгилейт. 4) медицинада – денедеги же организмдеги кабылдап кеткен жерди таза ткандан бөлүп турган, гранулдашкан ткань тилкеси.