ДЕМИРЧЯН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:50, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМИРЧЯ́Н Дереник Карапетович [6(18). 2. 1877, Ахалкалаки – 6. 12. 1956, Ереван] – ар­мян жазуучусу, Армян ССР ИАнын академиги (1953). Женева университетин бүтүргөн (1909). Чыгар­малары 1893-жылдан жарыялана баштаган. «Лэнк-Тимур» тарыхый-баатырдык поэмасын­да, «Скрипка жана чоор», «Артыкбаш», «Жыл­маюу», «Динчил» аӊгемелеринде кедей-кембагал­дардын таламын талашкан. 1920–30-жылдарда жазыл­ган «Эс алуу үйүндө», «Мерке», «Сато», «Рашид», «Нигяр», «Жолдоштор» деген аӊгеме, повестте­ринде, «Наполеон Коркотян», «Капутан», «Туул­ган өлкөм» аттуу пьесаларында Демирчян революциячыл күрөштү, карапайым элдин эмгегин даӊазалайт. «Вардананк» тарыхый романынын (1943–46), ошондой эле бүтпөй калган «Месроп Маштоц» рома­нынын автору. Ленин, Эмгек Кызыл Туу орден­дери ж-а медалдар м-н сыйланган.