ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:06, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ – коомду социал­дык, экономикалык жактан өнүктүрүү саясатынын бир бөлүгү; муундардын табигый толукталып турушун ж-а калктын жер которуу кыймылына таасир этүүгө багытталган социалдык, экономикалык, укуктук ж. б. жаа­тындагы чаралар тобу. Демографиялык саясат мамлекеттик же аймак­тык болушу мүмкүн. Булар атайын мыйзамдарды чыгаруу ж-а тийиштүү шарттарды түзүү аркы­луу ишке ашырылат. Демографиялык саясаттын натыйжасы мамлекеттик статистикада катталат. Демографиялык саясаттын негизги багыт­тары – калктын көбөйүшү, элдин жер которуу­су ж-а таралышы, жайгаштыруу багыттары, эм­гек ресурстарынын турпаты ж-а куруму, эм­гекке орноштуруу, калктын иш м-н камсыз бо­лушу ж. б.