ДЕМОКРАТИЯ
ДЕМОКРА́ТИЯ (гр. demos – эл, krftos – бийлик) – эл бийлиги, бийлик элдин колунда болгон саясий түзүлүш, мамлекет формасы. Демократияда мамлекеттик бийликтин негизги органдары шайланат, жарандардын теӊ укуктуулугу, чечимдерди кабыл алууда азчылыктын көпчүлүккө баш ийиши камсыз болот. Демократиянын тарыхы байыркы батыш цивилизациясынын мезгилинен башталат. Байыркы Афиныда тарыхта биринчи жолу элдик чогулуш, бардык жооптуу кызматтагы адамдардын шайлануу ж-а отчёт берүү принциптери сыяктуу саясий институттар иштелип чыккан. Азыркы Демократиянын салттары батыштагы революциялардын жүрүшүндө ж-а АКШдагы көз каранды эместик үчүн болгон согуштарда түптөлүп, Демократиянын негизги башаты – бардык адамдардын мыйзам алдында теӊдиги ж-а адамдын эркиндигине негиз салынган. Демократия төмөндөгүдөй принциптерди камтыйт: адам укугу ж-а аны мамлекеттин укугунан жогору коюу; эркин атаандаштык ж-а базар мамилелериндеги эркиндик, жеке ойго ээ болуу ж-а аны ачык айтуу боюнча азчылыктын укугунун корголушу; башкаруу органдарынын мезгил-мезгили м-н эл алдына иши жөнүндө отчёт берип туруу, көпчүлүк колдогон чечимди кабыл алуу; эркиндик, азаттык, теӊдик, теӊчилдик, мыйзамды ж-а адам укуктарын сыйлоочулук, көп түрдүү пикирдүүлүк (плюрализм), калк эгемендиги, жарандардын мамлекеттик, административдик башкарууга катышы ж. б. Демократиялык коомдо теӊ салмактуулукту кармап турган өз алдынча, бирок бири бири м-н байланыштуу болгон бийликтин үч бутагы түзүлөт. Аларга мыйзам чыгаруучу, аткаруучу ж-а сот бийлиги ыйгарылат. Демократиянын негизинде элдин өзүн-өзү башкаруу идеясы ж-а элдик өкүл-
дөрдүн шайлоочулар алдындагы жоопкерчилиги жатат.