ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЦЕНТРАЛИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 28 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕМОКРАТИЯЛЫК ЦЕНТРАЛИ́ЗМ – партия­лардын коомдук-саясий ишмердигиндеги, мамлекеттик бийликти ишке ашыруудагы жетекчи негизде­ринин бири – башкаруунун борбордоштурулуп уюшулушу. Анда жетекчи органдардын төмөн­төн жогору шайланышы, алардын өз партиялык уюм­дарына ж-а жогорку органдарга мезгил-мезги­ли м-н отчёт берүүсү, азчылыктын уюмдашкан көпчүлүккө баш ийүүсү, жогорку органдардын чечимдеринин төмөнкүлөр үчүн аткарууга сөзсүз милдеттүүлүгү; булардын баары коммунисттик ж-а жумушчу партиялардын уюмдашуу негиз­дери, ошондой эле, тоталитардык мамлекеттердин сая­сий түзүлүшү болуп келген.