ДЕМПИНГ
ДЕ́МПИНГ (англ. dumring – арзандатуу, түшүрүү) – атаандашты сүрүп чыгаруу‚ рынокту ээлөө максатында жасалма төмөндөтүлгөн баа боюнча товарларды экспорттоо‚ кара ниет атаандаштыктын бир түрү. Демпинг товардын сапатын жакшыртуу м-н өндүрүш чыгымдарын төмөндөтүүгө негизделген чыныгы атаандаштыкка каршы келет. Эгер төмөнкү баа өндүрүштүн чыгымын азайтууга‚ алдыӊкы техника м-н технологияны пайдаланууга негизделсе‚ ал Демпинг болуп эсептелбейт. Көп өлкөлөрдүн мыйзамдарында‚ ошондой эле Европа союзунун (ЕC) документтеринде Демпингге каршы чаралар‚ анын ичинде Демпингге каршы бажы салыгы каралган.