ДАБАЧЫ
ДАБАЧЫ [калм. Давчи, моңг. Даваач, орусча Даваци, Дебачи, (1723–1760, Цинь империясы, Пекин) – жуңгар ханы (1753–1755)], Эрдене баатыр коңтаажынын (1635–1653) тукумунан чыккан акыркы хан. Кытай жазма маалыматтары боюнча Дабачынын атасы Намчжал-Рагба, чоң атасы Цэрэн-Дондоб (Церен-Дондук) болгон. Церен-Дондобдун атасы Бум нойон бир кабарда Эрдене баатыр коңтаажынын үчүнчү, башка жерде жетинчи уулу экени айтылат. Дабачынын чоң атасы Цэрэн-Дондоб убагында Иртыш өзөнүнөн Жети-Суунун чыгышына чейин ээлик кылган. Дабачы алгач аталаш тууганы Ажа ханды (1745–1750) колдоп, анын агасы Лама-Доржу (Лама Доржи) менен араздашкан. 1750-жылы Ажа хан сүргүнгө айдалып, анын ордуна Олоң Доржу хан (1750–1753) болгондо, 5 миң чамалуу түтүн элин алып, Иле дарыясынын чыгышына көчүп келген. Аны Калдаң Серең (Галдан Цэрен хандын (1727–1745) жээни, хошут (хошоут) князы Амирсана (Амурсан) жана тайшы Банчжурлар колдоп чыккан. Анткени Дабачы Жуңгар хандыгынын тагына ээ болор замат Амирсанага Бороталадан (азыркы Кулма аймагы) Тарбагатай тоолоруна чейинки ээликти берүүгө убада кылган. 1753-жылы кыш айларында аларды кармап келүү үчүн Лама-Доржу хан ири отрядын аттандырат. Бирок Дабачы куулук менен башка жактан айланып келип, ханды өлтүргөн жана өзүн хан жарыялаган. Бирок бийликке жеткен Дабачы мурунку убадаларын аткарбай, бийлик, конуш талашуу кайрадан күчөй баштаган. Биринчи салгылашууда Амирсана жеңилип, ал Банчжур, Цэрен-Убаши, Цэрен-Мэнке, ж.б. тайшыларга кошулуп, 10 миңге чукул түтүнү менен 1754-жылы күзүндө Цинь императорунун кол алдындагы жерлерге журт которуп кетишкен. Хандыктын минтип алсырай баштаганын көргөн цинь өкмөтү аларга каршы 1755-жылы жаз-жай айларында 50 миң аскерин аттандырат. Алар ар бири 25 миңден турган эки топко бөлүнүп, түн жак канатын Амирсананын коштоосунда генерал Банди, түштүк бөлүгүн Жун Чан (Юн Чан) жетектеген. Цинь аскерине каршы күрөшүүгө алы келбей калганын билген Дабачы кол алдындагылар менен Музарт ашуусу аркылуу Кашкар тарапка өтүүгө аракет кылган. Бирок 1755-жылы 3-августта Үч-Турпан шаарынын акими Шараф ад-Дин Кожо-Жусуп (Хоцзисы, кожо Сыбек) аны туткунга алып, Пекинге жиберген. Император Цяньлун (1736–1795) ага 1-даражадагы князь (гун) наамын берип, сый туткун катары хан сарайда калтырган. Ошол жерде көз жумган. Кыргыздардын оозеки адабиятында Дабачы (Дабанчы) тууралуу кыскача маалыматтар кездешет.
Ад.: Думан Л. И. Аграрная политика цинского (манчжурского) правительства в Синьцзяне в конце XVIII века. М.-Л., 1936; Валиханов Ч. Ч. О состоянии Алтышара или шести восточных городов Китайской провинции Нан-Лу (Малой Бухарии) в 1858—1859 годах. /Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в 5и т. Т. 3, А.-А., 1985; Чимитдоржиев Ш. Б. Национально-освободительное движение монгольского народа в XVII-XVIII вв. Улан-Удэ., 2002. Хафизова Ш. К. Степные властители и их дипломатия в ХVIII–ХIХ веках. Нур-Султан, 2019.