ДЕНВЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 31 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕ́НВЕР – АКШнын батышындагы шаар. Ко­лорадо штатынын административдик борбору. Калкы 557,5 миӊ (2007; шаар айланасы м-н 2,7 млндон ашык). Эл аралык аэропорту, тыйын сарайы (монета двору) бар. Авиаракета-космос, химия, полиграфия, тамак-аш – татымал өнөр жайы өнүккөн. Астма оору­сун дарылоочу улуттук борбор, 2 университет, көркөм ж. б. музейлер иштейт.