ГИДРОМЕЛИОРАЦИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 31 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГИДРОМЕЛИОРАЦИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ – мелиорация долбоорун түзүүгө зарыл объектилерди (жер бөлүгү, аймак) изилдөө комплекси; гидромелиорациялык курулуштарды (канал, плотина ж. б.) курууда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйындысы. Изилдөөнү адистештирилген уюм жүргүзөт. Ал мелиорация долбоорун, техникалык, экономикалык ж-а экологиялык изилдөөнүн комплекстик иш-чараларын иштеп чыгат. Ошондой эле изилдөөлөр суу ресурстарын баалоодо, аны комплекстүү пайдаланууда да иштелет. Гидромелиорациялык изилдөөнүн курамы ж-а мазмуну жер шартынын татаалдыгына, мелиорациянын максатына, объект жайгашкан районду изилдөөгө ж-а долбоорлоо стадиясына көз каранды. Жерди сугарууда же кургатууда гидромелиорациялык изилдөөнүн мааниси чоӊ. Гидромелиорациялык изилдөөгө топографиялык-геодезиялык, гидрологиялык, инженердик- геологиялык, жер кыртыш-мелиорациялык, агрардык-экономикалык ж-а маданий техникалык изилдөөлөр да кирет.