ДЕНДРОЛОГИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:48, 31 Март (Жалган куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДЕНДРОЛО́ГИЯ (дендро... ж-а ...логия) – ботани­канын дарак, бадал изилдөөчү бөлүгү. Дарак өсүмдүктөрүнүн системасын, морфологиясын, биологиялык касиеттерин, таралышын ж-а эл чарба­сында пайдаланышын талдайт. Дендрологиянын дарак породаларынын касиети жөнүндөгү маалыматтары токой таануу, токой өстүрүүнүн теориясы м-н практикасында, айыл чарбасында, айрыкча талаа коргогуч токой тилкелерин түзүүдө кеңири колдонулат. Ошонддой эле тал, терек, эмен, жаңгак, кызыл карагай ж.б. жаңы түрлөрү чыгарылып, алар мурда өспөгөн жаңы жерлерге өстүрүлөт.